Башкы бет / МАСНУН ДУБАЛАР / ОЙГОНГОНДО, УКТОО АЛДЫНДА ДУБА

ОЙГОНГОНДО, УКТОО АЛДЫНДА ДУБА

ОЙГОНГОНДО ОКУЛУУЧУ ДУБА

«Алхамду лиллаахил лазии ахйаанаа баъ-да маа амаатанаа, ва илайхин нушуур». (Абу Дауд)

Мааниси: «Бардык мактоолор Аллахка болсун, Ал бизге өлүм бергенден кийин жашоо берди жана баары Анын тарабына кайтып баруучу»

УКТОО АЛДЫНДА ОКУЛУУЧУ ДУБА

Уктоону ниет кылган киши даарат алып, төшөгүн колу менен үч жолу сүрөт. Анан оң капталы менен жатып башынын же жаагынын астына оң колун жазданып, төмөнкү дубалардын бирөөсүн үч жолу окуйт.

«Аллоохумма кинии ъазаабака явма табъасу ъибаадака».

Мааниси: Эй Алла! Өзүңдүн пенделериңди Кыямат күнү кабырдан тургузган убакта мени Өзүңдүн азабыңдан куткар! (Мишкат)

«Бисмика роббии вазоъту жанбий ва бика арфаъуху ин амсакта нафсии фархамхаа ва ин арсалтахаа фахфазхаа бимаа тахфазу бихии ъибаадакас соолихиин»

Мааниси: Эй Эгем! Сенин гана атың менен (оң) капталымды төшөкө койдум жана Сенин Кудуретиң менен аны көтөрөмүн. Эгер Сен менин жанымды кармап калсаң (мага өлүм берсең), анда мага ырайым кыл! Эгер Сен менин жанымды тирүү койо берсең, анда такыба пенделериңди сактаган сыяктуу менин жанымды да ошондой сактыгын! (Бухари, Муслим).

«Аллоохумма би исмика амууту ва ахйа».

Мааниси: Эй Алла! Мен, Сенин атың менен гана өлөмүн жана тирилемин. (Бухари)

Ошондой эле

АЖАТКАНАГА КИРЭЭРДЕ, ЧЫККАНДА ДУБА

АЖАТКАНАГА КИРЭЭРДЕ АЙТЫЛУУЧУ ДУБА Ажатканага кирээрде бул дубаны окуп, сол бут менен кирет: «Аллоохумма иннии …

Яндекс.Метрика