Башкы бет / МАСНУН ДУБАЛАР / ТАМАКТЫН АЛДЫНДА, ТАМАКТАН КИЙИН ДУБА

ТАМАКТЫН АЛДЫНДА, ТАМАКТАН КИЙИН ДУБА

ТАМАК ЖЭЭРДЕН МУРДА

«Бисмиллаахи ва ьалаа баракатиллаахи».

Мааниси: Алланын ысмы менен жана Алланын берген берекеси менен баштаймын. Эгерде амалды баштоонун алдында бул дуба эстен чыгып калса, качан эске келгенде.

«Бисмиллаахи аввалахуу ва аахирохуу» (Тирмизи ).

Ушул окулат. Мааниси: Башында да , акырында да Алла Тааланын ысмы менен баштаймын. Пайдасы: Эгерде тамактануу алдында бисмилла айтылбай калган болсо анда шайтан ал тамакты аны менен чогуу жейт.

ТАМАКТАНГАНДАН КИЙИН

«Алхамду лиллаахил лазии ат-ъаманаа, ва сакоонаа, ва кафаанаа, ва ааваанаа, ва арваанаа, ва жа-ъаланаа минал муслимиин»(Ал Азкаар).

Мааниси: Бардык мактоолор Аллахка болсун! Ал бизге тамак жедирди, суу ичирди, кажетибизди бүтүрдү, жашаганга жай берди, чаңкообузду кандырды жана бизди мусулмандардан кылды.

Ошондой эле

АЖАТКАНАГА КИРЭЭРДЕ, ЧЫККАНДА ДУБА

АЖАТКАНАГА КИРЭЭРДЕ АЙТЫЛУУЧУ ДУБА Ажатканага кирээрде бул дубаны окуп, сол бут менен кирет: «Аллоохумма иннии …

Яндекс.Метрика